Бишкекте жарым жылда 1,1 миңден ашык адам акысыз кесип үйрөндү

Бишкекте жарым жылда 1,1 миңден ашык адам акысыз кесип үйрөндү

Бишкекте жарым жылда 1,1 миңден ашык адаам акысыз кесип үйрөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Окутууга жөнөтүлгөндөрдүн 26% сулуулук индустриясын, айдоочу курстары (23,8%), бухгалтер адистигин (12%), соода агенттерин (8%) тандашкан.

Тил курстары, компьютердик сабаттуулук, веб-дизайн жана графикалык дизайн да актуалдуу болгон.

Жумушчу адистиктердин арасында автоэлектриктер, электр ширетүүчүлөр, электр монтаждоочулар, тиричилик техникасын оңдоо боюнча адистер талап кылынган.

Мындан тышкары, алты айдын ичинде 630дан ашуун адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган.

Мекемеден эскерткендей, эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча акысыз окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу бардык иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан ишке ашырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>