Бекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөт

12.09.2026 | 12:43
Бекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөт — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда бинардык опциондорго тыюу салуу пландалууда. Министрлер кабинети демилгелеген тиешелүү мыйзам долбоорун парламенттин Бюджет боюнча комитети биринчи окууда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, бинардык опциондорго тыюу салуу маселеси 2019-жылы эле көтөрүлүп, ал тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелеген. Документ үч жылга жакын каралып, биринчи окуудан өткөнү менен, экинчи окууга жеткен эмес.

Бекешев бинардык опциондор белгилүү бир активдин баасы кандай өзгөрөрүнө же кайсы бир окуянын ишке ашарына мелдешүүнү билдирерин түшүндүрдү. Ошол эле учурда, анын айтымында, кеп дайыма эле активдердин реалдуу соодасы жөнүндө жүрбөйт.

Депутат мындай аянтчалар социалдык тармактарда, анын ичинде колдонуучуларга ири утуштардын мисалдарын көрсөткөн блогерлер аркылуу активдүү жарнамаланып жатканын белгиледи. Бул, анын пикиринде, адамдарда салынган каражатты тез арада көбөйтүп алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу жаңылыш түшүнүк жаратат.

«Эч ким сиздин миң сомуңузду миллион сомго айлантууну каалабайт. Тескерисинче, мындай шылуундардын көпчүлүгүнүн максаты — сиздин миң сомуңузду тартып алуу жана миң сом эмес, 10 миң сом, андан да көп акча салууга көндүрүү», — деди ал.

Ошол эле учурда Бекешев мыйзам чегиндеги тыюу салуунун өзү эле жетишсиз деп эсептейт. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда аны аткаруунун натыйжалуу механизмин кароо зарыл.

Тактап айтканда, Финнадзорга бинардык опциондорго байланыштуу сайттар жөнүндө маалыматты Башкы прокуратурага өткөрүп берүү сунушталууда. Бекешев мындай ресурстарды бөгөттөө жана тыюу салынган сайттардын реестрин түзүү керек деп эсептейт.

Мындан тышкары, депутаттын пикиринде, банктар аларга которууларды чектей алышы үчүн бинардык опциондордун операторлору колдонгон банктык эсептерди аныктоо зарыл.

Ошону менен бирге криптовалюталарды колдонуу менен эсептешүүлөр өзүнчө көйгөй бойдон калууда. Бекешев белгилегендей, виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрү белгилүү бир криптокапчык бинардык опциондун операторуна же жөнөкөй эле ишкерге таандык экенин ар дайым эле аныктай алышпайт.

Депутат ошондой эле мындай кызматтарды жарнамалаган блогерлердин жоопкерчилиги боюнча маселени иштеп чыгууну сунуштады.

«Мыйзам кабыл алынат, биз түзөтүүлөрдү беребиз. Бирок эң башкысы — мен элди мындай жомокторго ишенбөөгө чакырам. Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт, баары аны сизден тартып алууну гана каалашат», — деп билдирди Бекешев.
Scroll to Top