Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун эрежелери өзгөрдү

14.09.2026 | 12:00
Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун эрежелери өзгөрдү — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун жаңы тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Минкаб жарандары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жана мейманканаларда жүргөн жери боюнча каттоодон бошотулган мөөнөттөр көрсөтүлгөн 92 мамлекеттин тизмесин бекитти. Жаңы тартипти жана тизмени бекитүү чечими да минкабдын токтомунда бекемделген.

ЕСУВМ аркылуу каттоо

Негизги өзгөрүүлөрдүн бири — чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды ЕСУВМ (Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы — ред. эскерт.) аркылуу каттоо. Муну офлайн, онлайн же мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырууга болот.

ЕСУВМ аркылуу катталып жаткан адамдын Кыргызстандын жараны же жараны эмес экени да текшерилет. Эгерде чет өлкөлүктүн бир нече жарандыгы болсо, ал өлкөгө кайсы чет өлкөлүк паспорту менен кирген болсо, ошол паспорт боюнча гана каттала алат.

Бир адамга 12 чарчы метрден

Жаңы тартип турак үйдө же батирде каттоого боло турган чет өлкөлүктөрдүн санына чектөөлөрдү киргизет.

Катталгандардын саны бир адамга 12 чарчы метрден кем эмес турак жай аянтынын нормасынан келип чыгып аныкталат. Мындан тышкары, катталган чет өлкөлүктөрдүн саны 10 адамдан ашпоого тийиш. Жакын туугандар үчүн гана өзгөчөлүктөр каралган.

Каттоосу жок канча убакыт жүрүүгө болот

Тизмеге киргизилген 92 мамлекеттин басымдуу бөлүгүнүн жарандары үчүн каттоодон бошотуу мөөнөтү 30 календардык күндү түзөт. Алардын катарында Австралия, Австрия, Армения, Беларусь, Улуу Британия, Германия, Израиль, Казакстан, Канада, Кытай, Орусия, АКШ, Япония жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар.

Бир катар мамлекеттер үчүн башка мөөнөттөр белгиленген:

  • Иран — 8 күн;
  • Түркмөнстан — 10 күн;
  • Азербайжан — 15 күн;
  • Доминика — 21 күн;
  • Барбадос — 28 күн;
  • Бахрейн, Индонезия, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман, Сауд Арабиясы, Сербия, Тажикстан, Филиппин, Чили жана ТАР — 60 күн;
  • Багам аралдары, Венесуэла, Греция, Грузия, Никарагуа, Перу, Сальвадор, Түркия жана Украина — 90 күн.

Белгиленген 60 же 90 күндүк жүрүү мөөнөтүн ашырып жиберген Орусия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан жана Молдованын жарандары үчүн өзүнчө механизм каралган. Мындай учурда укук бузуу жөнүндө протокол болсо, ыйгарым укуктуу органдар аларга 30 календардык күнгө чейин кошумча каттоо тариздей алышат.

Негиздеме-маалымкатта 2025-жылдын 31-декабрынан тартып айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейин бир тараптуу визасыз режимди белгилеген мыйзамдын колдонуу мөөнөтү аяктаганы белгиленет. Буга байланыштуу жаңы тартип тиешелүү өлкөлөрдүн жарандары үчүн бир тараптуу визасыз режимдин алкагында жүрүү мөөнөтүн кыскартууну карайт.

Минкаб жаңы тартип мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашууну автоматташтырууга, адамдык фактордун таасирин азайтууга, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана чет өлкөлүктөрдү каттоону жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүүдө.

Өкмөттүн чет өлкөлүктөрдү каттоо жөнүндө 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 мурдагы токтому кийинки бир катар өзгөртүүлөрү менен бирге күчүн жоготту деп таанылды.

Scroll to Top