Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Кыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту
15.09.2026 | 17:58

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кореянын Соода, өнөр жай жана ресурстар министрлигинин ортосунда соода жана инвестициялар жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу КРдин Экономика министрлиги билдирди.
Документке КРдин экономика министри Бакыт Сыдыков менен Кореянын соода, өнөр жай жана ресурстар министри Ким Чон Квандын жолугушуусунда кол коюлган.
Маалыматка ылайык, меморандумду ишке ашыруу боюнча эки министрдин орун басарлары жетектеген Соода жана инвестициялар боюнча кызматташтык комитети иштейт. Документ төмөнкү багыттарда өз ара аракеттенүүнү карайт:
- экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгы;
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана инвестицияларды илгерилетүү;
- халал-индустрия жана критикалык минералдар;
- санариптик трансформация;
- химиялык өнөр жай жана текстиль өндүрүшү;
- бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү, техникалык жөнгө салуу жана интеллектуалдык менчик.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика