1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келет
Бишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
15.09.2026 | 17:14

17-сентябрдан тартып Бишкекте Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу унаалар үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери этап-этабы менен аткарылат. Буга чейин аталган тилкеде «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу жумуштары жүргүзүлгөн. Ошондой эле 2025-жылы тротуарларды оңдоо жана ирригация инфраструктурасы боюнча иштер аткарылган.
Мэрия айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу альтернативдүү жолдорду тандоону сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек, жол жабылат