Кыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылды

Кыргызстанда Кыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө эл аралык борборунун филиалы ачылды. Аталган түзүм Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы технологиялык, инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Ачылыш аземине Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Үрүмчү шаарынын мэри Шэнь Линь жетектеген Кытай делегациясы катышты.
Борбор Кытайдан технологияларды жана жабдууларды тартуу, биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштөрдү локалдаштыруу жана инвестиция тартуу багытында иштейт. Мында долбоорлор идея деңгээлинен баштап өндүрүш ишке киргенге чейин коштолот.
Соода-өнөр жай палатасынын Кытайдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Айбек Асанбеков негизги багыт соода моделинен «бирге түзүү жана өнүктүрүү» моделине өтүү экенин билдирди.
Кыргызстандагы борбор Соода-өнөр жай палатасынын Кытайдагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өнөктөштөрдү жана инвесторлорду табуу, технологияларды Кыргызстандагы долбоорлорго тартуу боюнча иш алып барат.