Бишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт

8-октябрда Бишкек шаарында мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда борбор калааны жашылдандыруу маселелерине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт. Бишкек мэриясы калаа тургундарын, эколог-активисттерди, ыктыярчыларды, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ЖМК өкүлдөрүн жана блогерлерди жыйынга катышууга чакырды.
Жыйын саат 16:00дө И. Айдарбеков көчөсүндө (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) ачык форматта уюштурулат. Катышуучуларды чогултуу саат 15:30да Чүй проспектиси менен И. Айдарбеков көчөсүнүн кесилишиндеги фонтандын жанында болот.
Иш-чаранын жүрүшүндө бульварда аткарылган реконструкция иштери менен таанышуу жана шаардык кызматтар менен бирге экологиялык маселелерди талкуулоо пландалган.
Иш-чарага катышуу үчүн 8-октябрга чейин +996 550 900 358 телефон номери аркылуу алдын ала каттоодон өтүү зарыл.