КР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчы

06.10.2026 | 11:35
КР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчы — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Акыйкатчысы (омбудсмени) Жамиля Жаманбаева жогорку окуу жайларын жарандардын өздүк документтерин каржылык милдеттенмелерди өндүрүүнүн куралы катары колдонбоого жана алардын конституциялык укуктарын сактоого чакырды.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, ЖОЖдор көбүнчө жарандардын жеке документтеринин түп нускасын күрөө катары мыйзамсыз кармап калышат. Акыйкатчы мындай аракеттер мыйзамга каршы келерин жана билим алууну улантууга же ишке орношууга кедергисин тийгизерин билдирди.

Ал жыл башынан бери Акыйкатчы институтуна бул маселе боюнча үч арыз түшкөнүн белгиледи.

Биринчи учурда, С. У. К. аттуу жаран Германиядан акыйкатчыга кайрылып, Ош мамлекеттик университетинен (ОшМУ) аттестатын кайтарып алууга көмөк сураган. Бул документ ага Берлиндеги окуу жайга тапшыруу үчүн керек болгон. 2022-жылы ал ОшМУнун бюджеттик бөлүмүнө кабыл алынган. 
2024-жылы экинчи курсту аяктагандан кийин студент академиялык өргүү алып, чет өлкөгө иштегени кеткен. 2025-жылы өз каалоосу менен окуудан чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Бирок университет андан эки жылдык окуу акысын төлөөнү талап кылып, аттестатынын түп нускасын кайтарып берүүдөн баш тарткан.

Дагы бир жаран — У. С. — 12 жыл бою ОшМУдан дипломун ала албай келген.

2014-жылы ал аталган ЖОЖдун эл аралык мамилелер факультетинин «Саясат таануу» багыты боюнча магистратурасына тапшырып, каттоо учурунда «Юриспруденция» адистиги боюнча дипломунун түп нускасын тапшырган.

Арыз ээсинин айтымында, окууга өткөндөн көп өтпөй ал Бишкекке көчүп кетип, сабактарга бир да жолу катышкан эмес. Буга карабастан, ал экинчи курска көчүрүлүп, андан кийин гана окуудан чыгарылган. Ошол эле учурда ЖОЖ бир жылдык окуу акысын төлөөнү талап кылып, дипломдун түп нускасын бербей койгон.

Жарандардын кайрылуусунан кийин Акыйкатчы институту Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жана ОшМУга расмий каттарды жөнөткөн.

Бирок министрлик менен университет «Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө» жобого таянып, карыз төлөнмөйүнчө документтерди берүүдөн баш тартышкан.

Бул документке ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуган студенттер жүйөлүү себептерсиз окуусун токтоткон учурда, адисти даярдоого кеткен мамлекеттик чыгымдарды төлөп бериши керек.

Жаманбаева студент менен университеттин ортосундагы талаш-тартыш жарандык-укуктук мүнөзгө ээ экенин жана сот тартибинде гана чечилиши мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ЖОЖдун чыгымдарды өндүрүү талабы финансылык милдеттенме болуп саналат. Акыйкатчынын айтымында, «Күрөө жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесине ылайык, жеке документтер, анын ичинде орто билим жөнүндө аттестат жана жогорку кесиптик билим жөнүндө диплом күрөө катары кармалышы мүмкүн эмес.

Акыйкатчы институту окуу жайдын аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы чыгарылып, натыйжада эки жаран тең ОшМУдан өздүк документтерин алышты.

Үчүнчү кайрылуу И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мурдагы студентинен түшкөн. Ал дагы аттестатынын түп нускасын кайтарып алууга аракет кылууда.

Кыз КММАнын бюджеттик бөлүмүндө бир жыл окуп, 2023-жылы жетишпегендиги үчүн окуудан чыгарылган. Акыйкатчынын маалыматы боюнча, ошондон бери академия ага документинин түп нускасын кайтарып берүүдөн баш тартып келет. 

КММА мурдагы студенттен адисти даярдоого мамлекет жумшаган 70 миң 353 сом өлчөмүндөгү каражатты төлөп берүүнү талап кылууда.

Жаманбаева КММАнын бул аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылуу жөнөттү.

Scroll to Top