Бишкекте жети бала жандандыруу бөлүмүнө түштү, алардын бешөө — КРВИ менен

Акыркы эки сутка ичинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын (РКЖОО) кабыл алуу бөлүмүнө 664 адам кайрылып, алардын 35%ы курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ / ОРВИ) белгилери менен келген. Бул аралыкта 231 бейтап ооруканага жаткырылса, алардын 54%ы респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандар.
РКЖООнун директору Гүлжигит Аалиев Reporter.kg басылмасына билдиргендей, учурда жандандыруу жана интенсивдүү терапия (реанимация) бөлүмүндө оор абалда жети бала жатат. Алардын бешөөнө курч респиратордук вирустук инфекция диагнозу коюлган. Балдардын курагы — беш айлыктан жети жашка чейин.
«Бүгүнкү көрсөткүчтөрдү өткөн жылдардын ушул мезгилине салыштырсак, оорунун кескин өсүшү же эпидемия жок. Бул жыл сайын болуучу кадыресе процесс. Дал ушул маалда биз респиратордук вирустук инфекциялар менен сасык тумоонун (грипп) көбөйүшүн дайыма күтөбүз», — деп түшүндүрдү ал.
Оорукананын маалыматы боюнча, учурда стационарда 520 бейтап жатат, алардын 469у — балдар. Дээрлик ар бир баланын жанында энеси бар.
Бейтаптардын көп агымына байланыштуу медициналык кызматкерлер күчөтүлгөн режимде (чоң жүктөм менен) иштеп жатышат. Ошол эле учурда оорукана жетекчилиги дарыланууга муктаж болгондордун баарына зарыл жардам көрсөтүлүп жатканын ишендирди.
«Бейтаптардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу оорукананын медициналык кызматкерлери жогорку жүктөм менен иштөөдө», — деп айтылат РКЖООнун маалыматында.
Кабыл алуу бөлүмүнө жүктөмдү азайтуу үчүн, РКЖОО КРВИнин алгачкы белгилери байкалары менен үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ / ЦСМ) педиатрларына кайрылууну, ал эми стационарга дарыгердин жолдомосу (направлениеси) менен келүү керектигин сунуштайт.
«Ооруну дарылоо боюнча кеңешти ҮМБдагы өзүңүздөрдүн педиатрдан алууга болот. Эл биздин оорукананын адистери сөзсүз жардам берерин билет, ошондуктан дароо эле бизге келишет. Бирок дал ошондой эле консультацияны өзүңүздөрдүн үй-бүлөлүк дарыгерден деле алсаңыздар болот», — деп түшүндүрдү Аалиев.
Ошол эле учурда ал кайрылгандардын баарына, анын ичинде жолдомосу жок келгендерге да медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын баса белгиледи.
«Биз баарын, жолдомосу жокторду да кабыл алып жатабыз. Жарандардан чыдамкай болушун жана медициналык кызматкерлер менен чырдашпоону суранабыз. Жардам сөзсүз түрдө ар бир адамга көрсөтүлөт. Күтүүнүн максималдуу убактысы болжол менен бир саатты түзөт», — деп кошумчалады РКЖООнун жетекчиси.
Анара Мамытова