Кыргызстандын отставкадагы генерал-майору эл аралык марафондо алтын утту

09.11.2026 | 13:33
Генерал-майор Кыргызстана в отставке завоевал золото на международном марафоне — Новости Кыргызстана

Отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн эл аралык марафондо 70-74 жаш курак категориясында биринчи орунду ээлеп, алтын медаль алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Киязов классикалык 42,2 чакырым аралыкты 4 саат 7 мүнөт 12 секундда чуркап өткөн. Ал бул мелдешин Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун 100 жылдыгына жана ички иштер органдарынын 102 жылдыгына арнаган.

Мындан тышкары, Киязов «Түрк элдеринин марафондор альянсы» (TAN) программасына катышып, аны 60 жаштан жогорку курак категориясында аяктаган алгачкы кыргызстандык болгон.

Марафондун жыйынтыгында спортчу үч медаль: орун үчүн алтын медаль, TAN программасы үчүн эстелик медалы жана финишер медалын тагынган. ИИМ бул анын 42,2 чакырымдык 15-марафону болгонун билдирди. Спортчунун машыктыруучусу — СССРдин спорт чебери Леонид Пыхтеев.

Scroll to Top