Бишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөт

15-октябрдан 17-октябрга чейин Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» комплексинде «KYRGYZSTAN EXPO – 2026» жана II «EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026» эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Түркия, Кытай, Ооганстан, Пакистан жана Өзбекстандын компаниялары катышат.
Көргөзмө аянтчасында өнөр жай, курулуш, энергетика, мунай-газ жана тоо-кен сектору, машина куруу, транспорт жана логистика, медицина, фармацевтика, агроөнөр жай комплекси, суу тазалоо, IT жана каржы кызматтары көрсөтүлөт. Кыргызстандык ишканалар өз продукцияларын, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн жана инвестициялык долбоорлорун тартуулашат.
Көргөзмөнүн алкагында Бишкек бизнес-форуму, пленардык отурумдар, эл аралык конференциялар, тармактык тегерек столдор жана B2B жолугушуулары өткөрүлөт.
Иш-чара компаниялардын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоого багытталган.