Бишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилди
Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылды
06.10.2026 | 15:32

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагындагы мал союучу жайдын иши токтотулуп, имараты жабылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигт билдирди.
Аталган жай интернет булактарында мал союучу жайдан чыккан калдыктар каналга агып жатканы тууралуу тараган маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин жабылды. Текшерүүдө имараттын септиги толуп калгандыктан, кан калдыктары сыртка чыккандыгы такталган.
Министрлик мал союу иштери ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык курулган башка жайда жүргүзүлө тургандыгын маалымдады.
Ошондой эле Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы мындай жайлардын талаптарга ылайык иштөөсүн көзөмөлдөөнү улантары айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар