Бишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылды

06.10.2026 | 17:02
Бишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктап, унаа кыймылы үчүн толугу менен ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тилкеге эки катмар асфальт төшөлүп, ирригациялык тармак жаңыртылган. Ошондой эле бордюрлар алмаштырылып, жол белгилери түшүрүлгөн.

Буга чейин аталган проспектинин 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө «Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Узундугу 1080 метр болгон бул тилкеде түтүктүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин чоңойтулган.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин, жол белгилеринин талаптарын жана ылдамдык режимин сактоого чакырды.

Scroll to Top