Бишкекте ЖК депутаты менен соода борбордун күзөтчүсү мушташты (видео)

Бишкекте ЖК депутаты менен соода борбордун күзөтчүсү мушташты (видео)

Бишкекте депутат Чыңгыз Ажибаев менен «Азия Молл» соода борборунун күзөт кызматкери мушташты. Reporter.kg’ге милициядан маалыматты ырасташты.

24.kg агенттиги жарыялаган видеодо көрүнүп тургандай, Чыңгыз Ажибаев унаа токтотуучу жайдан чыгып баратып күзөт кызматкерине тийип өткөн. Күзөтчү депутатка эскертүү бергенде, ал түшүп, аны түртүп, экөө кармаша кеткен.

Ленин райондук милициясына бул тууралуу саат 15:50дө маалымат түшкөн.

Чыңгыз Ажибаев алгач денесине залака келтирилгенин айтып,  милицияга арыз жазып, бирок аны кайра артка кайтарып алган. Күзөт кызматкери болсо даттануудан баш тарткан.

Эл өкүлү арызын кайра алгандан кийин ишти териштирүү токтотулган.

Бул окуя боюнча депутат менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Reporter.kg эки тараптын тең оюн чагылдырып берүүгө даяр.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>