Бишкекте жумушчу турган курулуш люлькасынын тросу үзүлүп кетти — Курулуш министрлиги текшерүү баштады

07.10.2026 | 12:17
Бишкекте жумушчу турган курулуш люлькасынын тросу үзүлүп кетти — Курулуш министрлиги текшерүү баштады — Новости Кыргызстана

Бишкектин Юнусалиев көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде ичинде жумушчу бар люльканын тросу үзүлүп кеткен. Жаран бийиктикте коопсуздук куру жок калып, кулап кетпеш үчүн көп кабаттуу үйдүн терезесинин алкагын кармап турган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя имараттын сыртын оңдоо (фасад) иштери жүрүп жаткан маалда болгон. Кийинчерээк шериги терезени ачып, жумушчу имараттын ичине өз алдынча кире алган. Окуянын кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

Курулуш министрлигинен Reporter.kg басылмасына жерине инспекторлор ыкчам чыгып кетишкенин маалымдашты.

Объектте курулуш иштерин Borsan Construction компаниясы жүргүзүп жатат. Азыр адистер окуянын чоо-жайын териштирип жатышат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Курулуш министрлиги кошумча маалымат берүүнү убадалады.

Scroll to Top