Сурабалдиева ата-энелерди балдарга карата зомбулук учурларын жашырбоого чакырды

07.10.2026 | 12:44

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактарда бала кезинде сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу анонимдүү жазган колдонуучулардын көптүгүнө көңүл бурду. Парламенттин жыйынында ал ата-энелерди балдардын коопсуздугуна олуттуу көңүл бурууга жана мындай учурлар тууралуу унчукпай коюуга мажбурлабоого чакырды.

Сурабалдиеванын айтымында, учурда Threads социалдык тармагында Jane Doe аттуу челлендж тарап жатат. Анын катышуучулары башынан өткөргөн зомбулук тууралуу анонимдүү айтып беришүүдө. Мындай окуяларды жазгандардын арасында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын колдонуучулары бар.

«Кыргыз Республикасынан бул посттун алдына анонимдүү жазган колдонуучулардын саны жана статистика мени үрөй учурат. Кыздар бала кезинде көргөн зомбулук тууралуу жазып жатышат», — деди депутат.

Ал сексуалдык зомбулуктун курмандыгы кыздар гана эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, социалдык тармакта эркектер да бала кезинде башынан өткөргөн зомбулук тууралуу анонимдүү жазышууда.

«Биз кыздар гана деп ойлойбуз, бирок балдар да зомбулук тууралуу жазып жатышат. Ал жерде жазылгандар үрөйдү учурат. Жаш курагы — төрт, беш, алты жаш», — деди Сурабалдиева.

Депутаттын пикиринде, мындай окуялардын көптүгү педофилия жана балдарга карата сексуалдык зомбулук маселеси канчалык курч экенин көрсөтүп турат. Ал ата-энелерди кыздардын да, балдардын да коопсуздугуна олуттуу көңүл бурууга чакырды.

Сурабалдиева ата-энелер уяттан улам балага болгон окуя тууралуу эч кимге айтпоону талап кылган учурларга да өзүнчө токтолду.

«Көп учурда ата-энелер “уят, сүйлөбө” деп коёт экен. Бул дагы туура эмес. Мындай травма өмүр бою калат — аялда да, эркекте да», — деди депутат.

Сурабалдиева ата-энелерди мындай учурларды жашырбоого жана бала башынан өткөргөн зомбулук тууралуу айтып берсе, анын сөзүнө олуттуу мамиле кылууга чакырды.

Scroll to Top