«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Бишкектин айрым аймактарында 20-мартта суу өчүрүлөт
17.03.2025 | 11:52
Бишкек шаарынын айрым аймактарында 20-мартта түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Суу саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда өчүрүлөт:
- темир жол тилкеси – М. Фрунзе көчөсү – Аламүдүн суусу – Панфилов көчөсү;
- темир жол тилкеси – Матросов көчөсү – Горький көчөсү – Гвардейский көчөсү – Бектенов көчөсү – Скрябин көчөсү – Мавлянов көчөсү – 7-апрель көчөсү.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алышын суранат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом