Кыргызстандын мугалимдери түрк элдеринин тарыхы боюнча эң акыркы маалыматтарды алышты«Рубеж-2026»: башкы катчынын орун басары Тургунбеков аймактагы татаал кырдаал тууралуу билдирди2025-жылы президенттин фондунан 2,7 млрд сом эмнеге жумшалдыЖапонияда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 170 спортчу катышатСыйлыкты чындап татыктуу болгондор гана алышы керек — Садыр ЖапаровТокмоктогу дөңгөлөк кайра иштетүүчү завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыкты
Бишкектин айрым тилкелеринде 3 күн жаратылыш газы өчүрүлөт
29.09.2023 | 22:52
2023-жылдын 2-октябрынан 4-октябрга чейин Бишкектин айрым тилкелеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, № 16 газды жөнгө салуу пунктунда жабдууларды алмаштырууга байланыштуу Фрунзе, Суюмбаев, Ибраимов, Огомбаев көчөлөрү боюнча жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар