Бекешев: Балдар үйлөрүндө бир да бала болбошу керек

09.09.2026 | 11:07
Бекешев: Балдар үйлөрүндө бир да бала болбошу керек — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкер Алмаз Имангазиевди бала асырап алуу жол-жобосун тездетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-сентябрда, парламенттин жыйынында билдирди.

«Ар бир баланын апасы жана атасы болушу керек. Бала асырап алуу жол-жобосун тездеткиле. Санариптештирип, бул маселени биринчи орунга койгула. Негизи балдар үйлөрүндө балдар болбошу керек. Ар бирине апа жана ата таап бергиле», — деди депутат.

Бекешев ошондой эле жалгыз бой энелерди колдоо боюнча кошумча чараларды көрүүнү сунуштады. Анын айтымында, алардын көбүнүн бала багуучу жалдоого мүмкүнчүлүгү жок.

«Жалгыз бой энелерге жумуштан жок дегенде бир саат эрте кетүүгө мүмкүнчүлүк берели. Алардын бала багуучу жалдоого каражаты жок», — деди ал.

Мындан тышкары, депутат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелерине көңүл бурууга чакырды. Ал майыптыгы бар адамдардын толук кандуу реестрин түзүү жана тиешелүү мыйзамга караштуу актыларды кабыл алууну тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Бекешев ошондой эле акыл-эс өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдар 18 жашка толгондо жеке ассистенттин кызматы үчүн төлөм токтотулбашы керектигин айтты.

«Сизге чиновниктин кызмат ордунан тышкары жан дүйнө да керек. Сизде ал бар деп ишенем жана аны колдоносуз», — деди Бекешев Имангазиевге.
Scroll to Top