Таш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилдиЫсык-Көлдө «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылдыБишкекте Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестринин концерти өттү
«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
13.09.2026 | 11:10

Татарстандын «KAZAN» бий ансамбли Амирхан Батабаевдин «Кыргызстан» ырынын коштоосунда кыргызстандыктарга видео кайрылуу жаздырды.
«Татарстан боордош Кыргызстанга достук саламын жолдойт», — деп айтылат видеонун башында.
Видеодо ансамблдин мүчөлөрү Кыргызстанга салам жолдоп, өлкө тургундарын 2028-жылы Казань шаарында өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырышты.
«Кыргызстан, биз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тосуп алууга даярбыз! Баарыңыздарды 2028-жылы Казанда күтөбүз! Амирхан Батабаевдин "Кыргызстан" ырына кайдыгер карай алган жокпуз», — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өттү. Ал эми кезектеги Оюндарды 2028-жылы өткөрүү укугу Татарстанга берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом