КРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
Экстремизмге каршы күрөшүү: Чүйдөгү үйлөрдөн курал-жарак, ок-дарылар табылды
10.09.2026 | 10:27
Чүй облусунун аймагында «Экстремист» аталышындагы рейд жүрүп, жыйынтыгында курал-жарактар, унаалардын номурлары табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер органдары маалымдады.
Тинтүү иштери Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында 48 даректе жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында үйлөрдөн төмөнкү буюмдар табылып, далил катары алынды:
- 681 диний китеп, 50 китепче жана 8 дептер;
- 59 уюлдук телефон, 3 компьютер процессору, 1 ноутбук жана 1 планшет;
- 4 DVD, 3 CD диск, 2 USB-флешка жана 1 видеокамера;
- 3 сайсыз мылтык, 935 ок-дары жана 2 бычак;
- Автоунаалардын 27 мамлекеттик номери.
Милиция учурда алынган буюмдар боюнча экспертизалар дайындалганын билдирди. Тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Чүй, экстремизм



