Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Бийлик жайыттарды калыбына келтирүүгө 50 млн сом бөлдү
21.05.2026 | 14:46

Кыргызстандын кунарсыз жана деградацияга учураган жайыттарын калыбына келтирүү максатында 2026-жылы республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Бөлүнгөн каражаттын эсебинен 186 440 килограмм жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү сатылып алынган. Алар:
- эспарцет — 86 658 кг;
- шаалбаа бетегеси — 42 026 кг;
- кылкансыз түп бош — 28 878 кг;
- жайыт райграсы — 28 878 кг.
Мекеме үрөндөр түшүмдүүлүгү төмөндөгөн жайыттарды жакшыртуу, мал чарбасынын тоют базасын чыңдоо жана экологиялык абалды оңдоо үчүн колдонуларын билдирди. Учурда үрөндөрдү аймактарга бөлүштүрүү жана себүү иштерин уюштуруу боюнча даярдыктар жүрүп жатканы айтылды.