Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
«Баатыр эне» орденинин сапатына баатыр энелер даттанышты
21.05.2026 | 15:10
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Чотонов бир нече жыл мурун мамлекет тарабынан берилген «Баатыр эне» ордендеринин сапатына баатыр энелер нааразы болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, 17-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Энелер күнүнө арналган баатыр энелер форумунда аялдар 5–6 жыл мурда берилген ордендер карарып, дат басып, арткы бекиткичтери сынып калганын айтышкан.
«Кыскасы, сапаты начар болуп калыптыр. “Баатыр эне” ордени — бул мамлекет тарабынан берилген жогорку сыйлык. Ошондуктан тиешелүү органдар сапаты начарлап кеткен ордендерди жаңылап берүү маселесин карап чыгышы керек», — деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Жогорку Кенеш