Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө128 метр чучук: Бишкекте 2018-жылкы рекорд жаңыланды
Боксчу Алмаз Орозбеков Кытайдагы мелдеште алтын утту
10.10.2024 | 10:32
Кыргызстандык боксчу Алмаз Орозбеков Кытайдагы эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Үрүмчү шаарында өтүп, 9-октябрда жыйынтыкталды.
Орозбеков 67 кг салмакта күч сынашып, алтын байгенин ээси болду.
Буга чейин ушул эле мелдеште кыргызстандык мушкерлер эки алтын, төрт коло утканы кабарланган. Алтын байгеге Анвар Хожиев (48 кг) жана Санжар Сейдакматов (57 кг) татыган. Ал эми коло байгени Ислам Төрөбаев (57 кг), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг), Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) тагынган.
https://reporter.kg/kyrgyzstandyk-bokschular-kytajdagy-meldeshte-eki-altyn-tort-kolo-uttu/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом