Боомду каптаган өрттүн кесепети — видео

Боомду каптаган өрттүн кесепети — видео

Боом капчыгайындагы айылда эки күн катары менен чыккан өрттүн кесепеттерин социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-март күнү, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылындагы ачык аянтта экинчи ирет тутанган өрт саат 15:11де чектөөгө алынып, саат 17:05те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрт 4 тилкеде чыгып, жалпы 1 гектардан ашык аянтты каптаган.

Жеринде түнү менен өрт кырсыгын кайра келип чыгуусуна жол бербөө максатында 3 күжүрмөн эсеп менен өрт өчүрүүчүлөр нөөмөттө турушат.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп, Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 1, Тоң райондук №38 ӨКБдан 1, жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана 44 куткаруучу тартылган. Ошондой эле аймактагы өрт кырсыгын көзөмөлдөө максатында ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу атайы унаа менен иш алып барган.

Мындан сырткары 3 авариялык куткаруу унаасы, 3 мотопомпа, Токой чарбасынан 30 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 33 адам, Тоң райондук РИИБден 22 кызматкер, Коргоо министирлигинин аскер бөлүгүнөн 38 аскер кызматкери жалпы 140 адам өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөтүшкөн.

Эскерте кетсек, 24-мартта аталган айылдагы ачык аянттын ар кайсы тилкесинде өрт чыгып, кечки саат 21:30да толук өчүрүлгөн болчу. Тилсиз жоонун жалпы аянты 5 гектарга жетип, 2 сарай, 1 үйдүн дубалы күйгөн. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>