Эксклюзив

Борбор Азиянын суу көйгөйлөрүн чогуу чечүү керек — окумуштуу

27.10.2026 | 14:16
Борбор Азиянын суу көйгөйлөрүн чогуу чечүү керек — окумуштуу — Новости Кыргызстана

Борбор Азиянын суу-энергетикалык тутуму чөлкөмдүн өсүп жаткан муктаждыктарын камсыздай албай калды жана модернизациялоого муктаж. Бул көйгөйдү өлкөлөр биргелешип чечиши зарыл. Мындай пикири менен Reporter.kg басылмасына тарых илимдеринин доктору, Патрис Лумумба атындагы Орусия элдердин достугу университетинин (РУДН) Орусия тарыхы кафедрасынын доценти Владимир Литвинов бөлүштү.

«Кыргызстанда да, Борбор Азиянын башка республикаларында да Советтер Союзунан калган чоң мурас бар — бул ири гидротехникалык курулмалар, гидроэнергетика жана эбегейсиз зор ирригациялык система. Каракум каналын, Токтогул ГЭСин, Вахш ГЭСтер каскадын эске салсак эле жетиштүү. Азыр мунун баары оңдоп-түзөөгө жана өзгөртүүлөргө муктаж», — деп белгиледи Литвинов.

Ал системаны өлкөлөр биргелешип жаңылашы керектигин баса белгиледи, анткени ал башында бирдиктүү комплекс катары түзүлгөн, ал эми суу ресурстары мамлекеттер арасында бирдей эмес бөлүштүрүлгөн.

«Агымдын башында турган Кыргызстан менен Тажикстан сыяктуу өлкөлөр бар, аларда Тянь-Шань менен Памирдин негизги дарыяларынын башаты жайгашкан. Ал эми агымдын төмөн жагында суунун келишине көз каранды болгон мамлекеттер бар», — деп түшүндүрдү эксперт.

Литвиновдун баамында, сырттан келген сууга көз карандылык Казакстанда 40%га чейин, Өзбекстанда 80%га чейин жана Түркмөнстанда 97%га жакынды түзөт.

Окумуштуу суу калк үчүн да, экономика үчүн да алмаштыргыс ресурс бойдон кала берерин кошумчалады.

«Биз энергиянын бир булагын экинчиси менен алмаштыра алабыз, жылытуунун альтернативдүү жолдорун таба алабыз, бирок сууну эч нерсе менен алмаштырууга болбойт. Ал адамдын жашоосу үчүн, күнүмдүк тиричилик муктаждыктары жана айыл чарбасы үчүн зарыл. Ошондуктан бул көйгөй өтө курч турат», — деди ал.

Литвинов советтик мезгилдин илимий жана техникалык тажрыйбасына да өзүнчө токтолду.

Борбор Азиянын суу көйгөйлөрүн чогуу чечүү керек — окумуштуу — иллюстрация

Анын айтымында, ал убакта суу пайдалануу, экология, гидротехникалык курулмаларды куруу жана жаратылыш ресурстарын башкаруу маселелери менен алектенген көптөгөн илим-изилдөө институттары иштеген.

Окумуштуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн заманбап чечимдерди издөөдө бул тажрыйбаны эске алуу зарыл деп эсептейт. Ошону менен бирге ал батыш өлкөлөрү каржылаган айрым экологиялык уюмдардын ишмердүүлүгүн сынга алды. Европадагы экологиялык көйгөйлөргө мисал катары тарыхчы Париждеги Олимпиада оюндары учурундагы Сена дарыясынын абалын келтирди.

Литвиновдун пикиринде, аймактагы мамлекеттер суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча топтолгон тажрыйбаны колдонуп, өз кызматташтык механизмдерин өнүктүрүшү керек.

«Менин баяндамамдын негизги жыйынтыгы — суу маселелери аймактагы бардык өлкөлөр тарабынан биргелешип, консорциум аркылуу жана, албетте, Орусиянын катышуусу менен чечилиши керек дегенге келип такалат», — деди ал.

Окумуштуу мындай формат дарыялардын жогорку жана төмөнкү агымында жайгашкан мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алууга, ошондой эле суу жана энергетикалык инфраструктураны биргеликте жаңылоого мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Reporter.kg менен болгон маегинде Владимир Литвинов Кыргызстан тууралуу жеке эскерүүлөрү менен да бөлүшүп, эки өлкө ортосундагы достук ал үчүн эмнени билдирерин айтып берди.

«Мен ушул жерде туулуп-өскөм. Караколдун жылуу түндөрүн көп эстейм, Ысык-Көлдү да жакшы сезимдер менен эскерем. Менин Кыргызстан менен байланышкан эскерүүлөрүм абдан көп», — деди ал.

Кыргыз-орус мамилелери тууралуу сөз кылып, тарыхчы анын негизин эки өлкөнүн элдерин муундан-муунга байланыштырып келе жаткан жалпы тарых түзөрүн белгиледи.

«Кыргызстандыктар орустарга абдан жакшы мамиледе экенин билем. Биздин алакалар XIX кылымдан бери өнүгүп келет. Албетте, дайыма эле бардык нерсе ойдогудай болгон эмес. Бирок бүгүнкү күндө биздин милдет — тарыхтан жаман нерсени гана издебей, бизди бириктирип турган жалпы жана жакшы нерселерди табуу», — деп баса белгиледи Литвинов.

Яна Крайнюкова

Анара Мамытова

Scroll to Top