1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келет
БШК бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
13.05.2026 | 10:23
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-майдагы жыйынында Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин, Жумгал, Бакай-Ата, Манас шаардык жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимдерин бекитти.
- Аламүдүн районунда А. Сыдыков атындагы айылдык кеңештин депутаты Жанна Субакожоеванын өз арызы менен ыйгарым укуктарын тапшыргандыгына байланыштуу, анын мандаты Сайноз Жураевага берилди.
- Ысык-Ата районундагы Жээк айылдык кеңешинин депутаты Алтынчаш Оспанованын мандаты Мээрим Асылбековага өттү.
- Жумгал районунда Динмухамед Карагуловдун мандаты Союзбек Дөөлөткелдиевге берилди.
- Кемин районунун Кичи-Кемин айылдык кеңешиндеги бош мандатты Нүргүл Бейшалиева алды.
- Бакай-Ата районунда Назира Малабекованын мандаты Сайрагүл Жамангараевага өттү.
- Манас шаардык кеңешиндеги «Эмгек» фракциясынын депутаты Бусурманкул Назаровдун мандаты ушул эле партиядан Нурсултан Коконовго берилди.
- Ош шаардык кеңешиндеги бош мандатты «Мурас» партиясынан эң көп добуш алган Толкун Эрмекбаев алды.
Эскерте кетсек, буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Тынычбекович Айтиевдин ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Депутаттын күбөлүгү жараксыз деп табылган. Айтиев №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом