Өкмөт башчы Баткен жана Жалал-Абаддагы селдин кесепеттерин жоюу тапшырмасын берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен жана Жалал-Абад облустарында болгон селдин кесепеттерин жоюу маселесин карады. Ал турак жай секторуна, жолдорго жана ирригация тармактарына келтирилген зыяндын масштабын баалады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Төрага жыйында тиешелүү мамлекеттик органдарга инфраструктураны калыбына келтирүү жана жабыр тарткан калкка келтирилген материалдык зыянды эсептөө боюнча тапшырмаларды берген.
Белгилей кетсек, апрель жана май айларында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында сел жүргөн.
Буга чейин президенттин Баткен облусундагы өкүлүгү аймактагы селдин кесепетинен турак жай, социалдык объектилер жабыркап, жалпы 20 миллион 800 миң сом чыгым келтирилгенин маалымдаган.