Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкекте аял башка жаранга иш козготуу үчүн тергөөчүгө пара сунуштаган деп шектелүүдө
13.05.2026 | 10:16

Бишкекте башка адамга кылмыш ишин ачтыруу үчүн тергөөчүгө пара берүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББи билдирди.
Маалыматка ылайык, П.Н. аттуу аял Свердлов РИИБдин тергөөчүсүнө башка жарандын үстүнөн уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин ачып берүүнү суранып акча сунуштаган. Себеби ага чейин милиция кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу иш козгоодон баш тарткан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөөнүн натыйжасында, 32 жаштагы П.Н. тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө пара берип жаткан жеринен кармалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Пара берүү» менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Милиция мамлекеттик кызматкерлерге пара берүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар