БШК: Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар бир округдуу шайлоого катышпайт
“Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар бир мандаттуу шайлоого катыша албайт”. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында төрайым Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Жыйында парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу жаңы эрежелер тааныштырылды.
“Быйыл Тышкы иштер министрлигинин өтүнүчү менен чет өлкөдө дагы 9 шайлоо пунктун ачуу каралууда. Алар төмөнкү шаарларда: Орусия –Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында.; АКШ – Нью -Йорк жана Чикаго шаарларында; Түркия – Анталия.; Италия – Кальяри шаарында. Буга чейин 48 шайлоо тилкеси болсо, эми 57ге көбөйтүү пландалууда.
Мындан тышкары чет өлкөдөгү жарандарыбыз бир мандаттуу шайлоого катыша албайт, бирок пропорционалдуу шайлоого катыша алат”, – деди Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Мыйзамга ылайык, 54ү партиялык, 36сы бир мандатуу округдан шайланып келиши керек.