БШК: коронавируска байланыштуу 12-апрелге белгиленген шайлоо жылдырылбайт

БШК: коронавируска байланыштуу 12-апрелге белгиленген шайлоо жылдырылбайт

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо коронавирус илдетине байланыштуу жылдырылбайт. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына  Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Эртең, 18-мартта БШК бул маселени талкуулайт. Шайлоону өткөрүүнү кийинкиге жылдыруу мыйзамда так жазылган. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө мыйзамгы ылайык,  өлкөнүн бардык аймагында же кайсы бир аймагында өзгөчө же согуштук абал киргизилгенде гана шайлоо токтотулат”, — деген ал.

Буга чейин коронавирустан коргонуу максатында 12-апрелге белгиленген шайлоону жылдыра туруу сунушун БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева «Азаттык» радиосуна билдирген эле.

Белгилей кестек, 12-апрелде өлкөдөгү беш шаарда жана бир нече айылдарда шайлоо өтөт. Шаардык кеңештердин депуттарын шайлоого 22 саясий партия ат салышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>