Бишкекте чет элдик аялдарды сойкулукка тартууга шектелип чет өлкөлүк кармалды

Бишкек шаарында чет элдик аялдарды Кыргызстанга алып келип, интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган деп шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет элдик жарандар чет өлкөлүк аялдарды интимдик кызмат көрсөтүү тармагында пайдалануу үчүн Кыргызстанга алып келишкен. Ошондой эле кардарларды табуу, аялдарды турак жай менен камсыздоо, аларды жолугушуу жайларына жеткирүүнү уюштуруу жана алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган H.T.NG. жана C.L.A. аттуу чет элдик аялдар, ошондой эле 1995-жылы туулган ZH.W. аттуу чет өлкөлүк эркек киши кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тинтүү учурунда 400 АКШ доллары жана башка буюм далилдери алынган.
Шектүү ZH.W.га КР Кылмыш-жаза кодексинин «Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү» беренеси боюнча айып тагылып, №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Учурда бул мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат.