26-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте милиция мечиттердин жанындагы кайырчылыкка каршы күрөшүүдөОш шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалууда
Бишкекте «Energy Expo 2026» эл аралык энергетикалык көргөзмөсү өтөт
15.06.2026 | 11:27

18–19-июнь күндөрү Бишкек шаарында «Energy Expo 2026» технологиялар жана инфраструктура эл аралык көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана «BiExpo» компаниясы тарабынан уюштурулууда.
Көргөзмөгө Кыргызстан, Беларусь, Вьетнам, Индия, Кытай, Орусия жана Түркиядан 40тан ашык компания катышат. Анда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика тармагынын өкүлдөрү, жабдууларды өндүрүүчүлөр жана инвесторлор чогулат.
Көргөзмөнүн негизги багыттары:
- күн энергетикасы жана кайра жаралуучу энергия булактары;
- энергетикалык жабдуулар жана электротехника;
- гидротурбиналар, генераторлор жана трансформаторлор;
- кабелдик-өткөргүч продукциялары;
- газды ташуу жана бөлүштүрүү;
- атомдук энергетика;
- инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлор;
- көмүр кендерин иштетүү жана чалгындоо.
Иш-чара энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн заманбап технологияларды жана чечимдерди таанытуу максатын көздөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: көргөзмө, энергетика