БШК онлайн жыйын өткөрө алат. Мыйзам долбоорун ЖК кабыл алды

Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Мыйзам долбоору эскирген ченемдерди алып салууга, БШКнын ыйгарым укуктарын тактоого жана айрым жоболорду колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган.
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири – Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жыйындарга видеоконференция аркылуу катышууга уруксат берүү. Бул кызматтык милдеттеринен улам жеке келе албаган учурда комиссиянын ишин үзгүлтүккө учуратпай, чечимдерди өз убагында кабыл алууга шарт түзөт.
Ошондой эле мыйзамдан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин жетекчилерин шайлоого байланыштуу жоболор алып салынат. Анткени азыр алар акимдер тарабынан дайындалат.
Дагы бир өзгөртүү шайлоо округдарына тиешелүү. Учурда округдардын схемалары жана чек аралары 10 жылдык мөөнөткө бекитилет. Мыйзам долбоорунун авторлору бул мөөнөттү 5 жылга кыскартууну сунушташууда, анткени Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо беш жылда бир жолу өтөт. Бул шайлоо округдарынын чек араларын өз убагында жаңыртып турууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору шайлоо комиссияларынын тутумун тактоону, шайлоодо колдонулган техникалык каражаттар боюнча ашыкча деталдарды алып салууну жана пропорционалдык шайлоо системасына тиешелүү болгон «талапкерлердин тизмеси» деген терминди алып салууну карайт.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөз айкашын «майыптыгы бар адамдар» деген терминге алмаштыруу сунушталган. Бул мыйзамдагы терминологияны майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамга жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатын көздөйт.
Дагы бир өзгөртүү БШКнын мүчөлөрүнө тиешелүү. Мыйзамда «катталган» дегендин ордуна «көрсөтүлгөн» деген терминди колдонуу сунушталууда. Бул саясий демилгенин башталган учурун так аныктоого жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алууга мүмкүндүк берет.
Өзгөртүүлөрдүн дагы бир бөлүгү техникалык жана редакциялык мүнөзгө ээ.