Венесуэлада үрөй учурган жер титирөө: Каза болгондордун саны 1400дөн ашты

Венесуэлада үрөй учурган жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны кеминде 1 миң 430 адамга жетти. Дагы 3 миңден ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу өлкө бийлигине таянып чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Силкинүү 39 секунддук айырма менен эки жолу 24-июнга караган түнү Венесуэланын түндүгүндө болгон. Бул акыркы 125 жылдагы эң кубаттуу табигый кырсык катары бааланууда.
Расмий маалыматтар боюнча, 68 миң 900дөн ашык адам дайынсыз болууда. АКШнын Геологиялык кызматы курмандыктардын саны 10 миңден ашышы мүмкүн экенин божомолдоодо.

Өлкөнүн Ла-Гуайра штаты эң көп жабыркаган аймак болду. Аймактагы жүздөн ашык имарат, анын ичинде көп кабаттуу турак үйлөр кыйраган. Жергиликтүү тургундар куткаруучулардын жана атайын техниканын жетишсиздигинен улам урандыларды кол менен тазалоого аргасыз болушууда. Учурда Ла-Гуайрага барчу бардык жолдор жабык. Ал жакка 14 миң аскер жана полиция кызматкери жөнөтүлгөнү айтылды.
ЖМКлардын маалыматында, Венесуэлага жардам берүү үчүн башка мамлекеттерден кеминде 17 атайын рейс келди. Учурда өлкөдө 1600 чет элдик куткаруучу иш алып барууда. Анын ичинде Германия жана Франция өз куткаруучуларын жөнөткөн. Учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал абалы күчүндө.