Эксклюзив

Реформалар жана насыялар. Жогорку Кеңеш кандай мыйзам долбоорлорун кабыл алды?

28.06.2026 | 17:01
Реформалар жана насыялар. Жогорку Кеңеш кандай мыйзам долбоорлорун кабыл алды? — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңеш ушул аптада үчүнчү окууда шайлоо мыйзамдарына, жергиликтүү өз алдынча башкарууга, мамлекеттик аудитке, эл аралык кызматташтыкка, инвестициялык саясатка жана сот тутумуна тиешелүү бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды.

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр

Депутаттар «Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө» жана «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорлорунун топтомун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Өзгөртүүлөр эскирген ченемдерди алып салууга, мыйзамдардагы укуктук боштуктарды жоюуга жана шайлоо мыйзамдарын колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

Негизги жаңылыктардын бири – Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындарын онлайн форматта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мунун аркасында комиссиянын мүчөлөрү кызматтык себептерден улам жеке катыша албаса, видеобайланыш аркылуу жыйынга катышып, чечим кабыл ала алышат.

Ошондой эле мыйзамдардан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу башчыларын шайлоого байланыштуу жоболор алып салынат. Анткени азыр алар акимдер тарабынан дайындалат.

Мындан тышкары, бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитүү мөөнөтүн 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу сунушталууда. Демилгечилердин айтымында, бул парламенттик шайлоолордун алдында шайлоочулардын санынын өзгөрүшүн өз убагында эске алууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоорлорунда ошондой эле округдук шайлоо комиссияларынын укуктук макамы бекемделип, аларды түзүү тартиби, ыйгарым укуктары жана мыйзам бузулган учурда мөөнөтүнөн мурда таркатуунун негиздери аныкталат. Ошону менен катар алардын мүчөлөрүнүн макамы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө теңештирилет.

Мындан тышкары, мыйзамдардагы айрым түшүнүктөр жана терминдер жаңыланып, техникалык жана редакциялык өзгөртүүлөр киргизилди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр

Парламент «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү да үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзамдан жергиликтүү курултайлар тууралуу жоболор алып салынат. «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынгандан кийин жергиликтүү курултайлардын макамын ар кандай чечмелөө учурлары жаралгандыктан, өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жоюуга багытталган.

Ошондой эле калктуу конуштун категориясынын өзгөрүшү анын чек аралары өзгөрбөсө, жергиликтүү кеңешти таратууга негиз болбой турганы такталды.

Мындан тышкары, өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарда айыл башчы кызматын киргизүү тартиби такталууда. Мындай чечимди тиешелүү айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү муктаждыкка жараша кабыл алат.

Дагы бир өзгөртүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына үй-бүлөлүк жана маркумду эскерүү иш-чараларын тартипке келтирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу ыйгарым укугу берилет.

Эсеп палатасы алдын алуучу аудитке өтөт

Депутаттар «Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алышты.

Документ мамлекеттик аудит системасын модернизациялоону көздөйт. Мыйзамга электрондук аудит, алдын алуучу аудит жана маалыматтарды талдоого негизделген тобокелдикке багытталган аудит түшүнүктөрү киргизилүүдө.

Мындан ары текшерүүлөрдүн басымдуу бөлүгү мамлекеттик маалыматтык системаларды пайдалануу аркылуу аралыктан жүргүзүлөт. Ал эми жеринде текшерүү өзгөчө учурларда гана жүргүзүлөт.

Ошондой эле Президентке караштуу аудиттин жыйынтыктарын кароо боюнча Апелляциялык комиссия түзүлөт. Ага текшерүүдөн өткөн субъекттер Эсеп палатасынын көрсөтмөлөрүнө жана корутундуларына даттана алышат.

Мыйзам мамлекеттик көзөмөлдү кайталоону азайтып, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

«Тамчы» атайын аймагындагы талаштарды чечүү борборунун ишине шарт түзүлөт

Жогорку Кеңеш «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагындагы Эл аралык талаштарды чечүү борборунун ишине байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Өзгөртүүлөр борбордун толук кандуу ишин камсыздоого жана «Тамчы» атайын аймагына байланыштуу мыйзам кабыл алынгандан кийин пайда болгон укуктук карама-каршылыктарды жоюуга багытталган.

Документ Талаштарды чечүү боюнча комитеттин макамын тактап, аны Кыргызстандын сот системасына теңештирүүгө жол бербейт. Ошондой эле атайын аймактагы арбитраждык соттордун ишинин өзгөчөлүктөрүн, борбордун чечимдерин аткаруу тартибин жана тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү камтыйт.

Демилгечилердин пикиринде, бул өзгөртүүлөр инвестициялык жагымдуулукту жогорулатып, коммерциялык жана инвестициялык талаштарды чечүүнүн так механизмин түзөт.

Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен түзүлгөн келишим ратификацияланды

Жогорку Кеңеш микро, чакан жана орто ишкердик үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү долбоору боюнча Кыргызстан менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну да ратификациялады.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстан 50 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алат. Каражаттар «жашыл» каржылоону өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, заманбап каржы инструменттерин киргизүүгө жана энергияны үнөмдөө долбоорлорун ишке ашырууга жумшалат.

Укуктук жардам жөнүндө конвенцияларга өзгөртүүлөр ратификацияланды

Депутаттар жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жөнүндө 1993 жана 2002-жылдардагы конвенцияларга өзгөртүүлөрдү киргизген протоколдорду да үчүнчү окууда кабыл алышты.

Документ алимент өндүрүү боюнча сот буйруктарын таануу жана аткаруу тартибин жаңыртып, талап кылынуучу документтердин тизмесин тактайт. Ошондой эле катышуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө багытталган.

Дагы кандай мыйзам долбоорлору кабыл алынды

Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын жарандык жана административдик соттордо өкүлчүлүк кылуунун жаңы тартибин киргизген юридикалык өкүлчүлүк боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ошондой эле Кыргызстан 2028-жылга чейин Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (МАР) 1 миллиард доллардан ашык жеңилдетилген каржылоону тартууну көздөгөн мыйзам долбоору жактырылды.

Депутаттар ошондой эле деңизге чыга албаган өлкө үчүн соода-деңиз флотунун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Соода-деңиз кодексин үчүнчү окууда кабыл алышты.

Scroll to Top