Чакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздү

2025-жылы чакан жана орто ишканалар негизги капиталга 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрүшкөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 22,8%га, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге көп. Инвестициялардын артыкчылыктуу багыттарына турак жай курулушу, кайра иштетүү өнөр жайы, энергия менен камсыздоо, соода, саламаттык сактоо жана транспорт кирген. 2024-жылга салыштырмалуу Баткен жана Талас облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан башка бардык аймактарда инвестициялар өскөн.
Чакан жана орто ишканаларга түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 276,5 млн долларды түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 30,5%га аз, бирок 2021-жылга караганда 1,6 эсеге көп. Орто ишканаларга салынган инвестициялар 6,9%га өссө, чакан ишканаларга салынгандары 42%га кыскарган.
Чет өлкөлүк инвестициялардын дээрлик 88%ы (87,7%) соодага, кайра иштетүү өнөр жайына, кесиптик жана илимий ишмердүүлүккө, пайдалуу кендерди казып алууга, ошондой эле мейманканалар менен ресторандарга багытталган. Инвестициялардын 96,7%ы Бишкек шаарына, Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарына жумшалган.