Бүгүнтөн тарта укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Бүгүнтөн тарта укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Бүгүн, 1-ноябрдан тарта укук коргоо жана аскер кызматкерлери жогорулатылган айлык ала баштайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин «Ишеним», «Элдик» фракцияларынын жыйынында билдирген.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков президенттин жарлыгы боюнча айлык 1-октябрдан тарта көтөрүлүшү керектигин айтып, жарлык эмнеге аткарылбай жатканын сураган.

«Президенттин жарлыгы сөзсүз аткарылып, айлык акысы көбөйөт. Кечиктирилишинин жоопкерчилиги бизде. Кийинки жумадан тарта бизге Финансы министрлигинен документтер келип түшүп, кайра эсептөө жүрөт», — деп жооп берген Касымалиев.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешиштин жалпы жыйынында 1-октябрдан тарта аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөнүн айтып, Чек ара кызматында кызмат өтөгөн прапорщик буга чейин 14-15 миң сом айлык алса, учурда анын маянасы 30-34 миң сомдун тегерегине чейин көтөрүлгөнүн билдирген.

Ошондой эле, ал Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсеге жогорулатылганын, ал эми аймакта кызмат өтөөнүн 1 жылы 2 жыл катары эсептелинерин айткан.

Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөк пулду жогорулатуу боюнча президенттин жарлыгы да чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>