12-октябрь: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөт

12.10.2026 | 09:00
12-октябрь: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөт — Новости Кыргызстана

Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө, 12-октябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жаан, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетет.

Ведомствонун маалыматы боюнча:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12 °C, күндүз +18…+23 °C;
  • Талас облусунда түнкүсүн +5…+10 °C, күндүз +15…+20 °C;
  • Ош облусунда түнкүсүн +9…+14 °C, күндүз +18…+23 °C;
  • Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +9…+14 °C, күндүз +18…+23 °C;
  • Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14 °C, күндүз +18…+23 °C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9 °C, күндүз +14…+19 °C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6 °C, күндүз +13…+18 °C.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +19…+21 градус жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Scroll to Top