Бишкектеги концерттен кийин рэпер Navai Казакстан менен чек арада кармалды

Navai каймана аты менен таанымал орусиялык рэпер Наваи Бакиров кыргыз-казак чек арасында баңгизат аткезчилигине шектелип кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Жамбыл облустук полиция департаменти билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, аткаруучу 13-октябрда Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда «Кордай» өткөрмө бекетинде кармалган.
Рэпер бара жаткан автоунааны текшерүү учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери баңгизат таап, тартып алышкан. Анын түрү жана салмагы такталган жок.
«Баңги каражаттарынын аткезчилигине аракет кылуу шеги боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдиришти полициядан.
Казакстанда баңгизат аткезчилиги үчүн Navai беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, кармалганга чейин бир күн мурун, 12-октябрда Navai Бишкектеги «Жаштык Аренада» концертин өткөргөн.
Ал эми 14-октябрда рэпердин Астана шаарында да концерти пландалган болчу. Бирок уюштуруучулар техникалык себептерге таянып, концерттин токтотулганын жарыялашкан.