Былтыр Жалал-Абаддын милициясы 34 унаалуу болгон

Былтыр Жалал-Абаддын милициясы 34 унаалуу болгон

Жалал-Абад облустук млициясына 2023-жылы 34 унаа алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

34 техниканын ичинен бирөө Kia K5, 12си Chevrolet Cobalt, бешөө Toyota Corolla, үчөө LADA Granta, төртөө Chevrolet Nexia, алтоо Mercedes-Benz Sprinter, үчөө Lada Niva унаасы.

Ошондой эле облустук милициянын маалыматы боюнча, былтыр башкармалыкта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ага 4 млн 300 миң сомдук сарпталган.

Аны менен бирге ИИМ тарабынан 5 млн 174 миң сом берилип, ал акчага башкармалыктын имаратындагы эскилиги жеткен жылытуу системасы жаңыртылган. «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому тарабынан Жалал-Абад облустук милициянын материалдык техникалык базасын бекемдөөгө жалпы 35 техникалык каражат берилген.

Учурда облустук милициянын Кайгуул-күзөт, медицина кызматтарынын жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын 4 кабаттан турган имаратын оңдоп-түзөөгө 25 млн 158,8 миң сом бѳлүнүп, имараттын чатыры алмаштырылып жатат.

«Ошондой эле буга чейин жылуулук системасы киргизилбеген имаратка жаңыдан жылытуу системасын киргизүү жумуштары кызуу жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>