Чаткалда эки кишини кар көчкү басып калып, каза болду

Чаткалда эки кишини кар көчкү басып калып, каза болду

Бүгүн Жалал-Абал облусунда Кара-Буура — Чаткал жолунда эки кишини көчкү басып калып каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 203- чакырымында, Жамгыр жана Мырзаш участкасынын орто чениндеги унаа жүрүүчү жолдо кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан эки жаранды капысынан чоң көлөмдөгү кар басып калган.

Алар «Вертекс Голд» ЖАКнын 31 жаштагы (А.Ж. уулу) жана 30 жаштагы (Ж.А.) аттуу кызматкерлери экени такталды.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин 5 куткаруучусу, «Вертекс Голд» компаниясынын 3 бирдик унаа жүктөгүчү, 2 эксковатор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзүшкөн.

Натыйжада, саат 17:30да Токтогул районунун тургуну А.Ж.уулунун жансыз денеси табылып, 1,5 саат убакыттан кийин Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. аттуу жарандын сөөгү кар астынан алынып чыгарылган.

Учурда, каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүлүп берилип, иликтөө иши уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>