Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Чек ара чыры: 1 киши каза болуп, 17си ооруканага кайрылды
29.04.2021 | 18:14
Соңку маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 17 адам ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 1 адам каза болгон. 10 киши ар кандай жараат алганы белгилүү болду. Жети кишиге ок тийген. Анын үчөөнүн абалы орто оор, төртөө ырааттуу оор деп бааланып жатат. Учурда эки бейтапка операция жасоо чечими кабыл алынган.
“Бейтаптарды тейлөө үчүн Ош шаарынан беш дарыгер Баткенге келди. Мындан тышкары Бишкек шаарынан да тогуз дарыгер барганы жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом