Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Чашма айылынын тургундарынын ортосундагы жаңжалдан улам, ар кандай жаракаттарды алып 25 адам ооруканага кайрылды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, учурда 4 адам ооруканада. Калган 21 киши алгачкы медициналык жардам алган соң үй шартында даарылоого жөнөтүлгөн.
Ооруканадагы 4 бейтаптын экөө реанимацияга жаткырылган, абалы оор деп бааланууда. Эки адам хирургия бөлүмүндө дарыланууда, абалы орточо оор. Бейтаптарды дарылоо үчүн Баткен шаарынан реаниматолог жана травматолог жиберилген.
31-майда Кадамжай районунунда чек арадагы кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардын ортосунда суу талаштан улам чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан.
Жаңжалдан эки тараптын үй жана мал сарайлары өрттөнгөн.