Чек арадагы унаа тыгындары: Казакстан кандай максатта кармап турат?

Чек арадагы унаа тыгындары: Казакстан кандай максатта кармап турат?

Казак-кыргыз чек арасында 300 кыргызстандык жүк ташуучу унаа бир нече күндөн бери турушат. Бул тууралуу Tazabek’ке КР жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев билдирди.

Казак чек арачылары буга чейин түзүлгөн келишимдерге карабай кыргызстандык жүк ташуучуларды продукцияларды түшүрүүгө жана текшерүүгө мажбурлап жатышат. Өкмөт товарлардын импортун эсепке алууну иретке келтирсе, Казакстан аркылуу экспорт бир топ көбөйөт деп эсептейт. Муну менен катар эксперт казак тараптын мындай кадамга барышынын эң негизги себебин атады.

«Биздин жүктөрдүн кечигип жатышынын  эң негизги себеби -соода “согушу”.  Ошондой эле Кытай товарларын Орусияга  реэкспорттоо мүмкүнчүлүгүн ээ болуп калгысы келүүдө. Анткени,  Казакстан Кыргызстандын мындай жолу менен көп акча тапканыбызды жакшы билишет. Биз 30 жыл ушуну менен жашадык, анткени бизде бажы төлөмдөрү төмөн болуп, товарлар дагы арзаныраак чыкты. Алардын негизги максаты – Кытайдан Европага жана Орусияга товарларды реэкспорттоодо монополияга ээ болуу», — деп жыйынтыктады ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>