Кыргызстанда картошка ташып келүүгө жарым жылга тыюу салуу пландалууда

Кыргызстанда картошканы ташып келүүгө (импорттоого) алты айга тыюу салуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору Ченемдик укуктук актыларды талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.
Документке ылайык, тыюу салууну ЕАЭБдин ТЭИ ТН 0701 90 500 0 коду боюнча классификацияланган картошкага карата киргизүү каралууда.
Бул чектөө Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү картошкага, ошондой эле токтом күчүнө киргенге чейин республикага жөнөтүлгөн продукцияга жайылтылбайт. Мындан тышкары, илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш-чаралар үчүн ташылып келинген картошка үчүн да өзгөчөлүк каралган.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, ички рынокту турукташтыруу жана өлкөдө өстүрүлгөн түшүмдү сатууга шарт түзүү максатында сунушталууда.
Демилгечилердин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстан 24 миң 715,3 тонна картошка импорттогон. Негизги көлөм Кытайга туура келген — 21 миң 431,9 тонна. Ал эми Германиядан 834,2 тонна, Казакстандан — 415,5 тонна, Пакистандан — 305,4 тонна, Ирандан — 48,9 тонна, Орусиядан — 31,4 тонна жана Өзбекстандан — 24,7 тонна алынып келинген.
Ошол эле учурда, январь–июль айларында Кыргызстанда 486 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Божомол боюнча, 2026-жылдын жыйынтыгы менен өндүрүш көлөмү 1 миллион 249,7 миң тоннаны түзүп, калктын жылдык эсептелген керектөөсү 799,7 миң тонна болот. Ошентип, өндүрүш ички муктаждыктан болжол менен 450 миң тоннага ашып, аны 156,3%га камсыздай алат.
Негиздеме-маалымкатта түшүмдү массалык сатуу мезгилинде импорттун чоң көлөмүнүн сакталышы рынокто картошканын ашыкча болушуна, сатып алуу бааларынын төмөндөшүнө жана дыйкандардын продукциясын өткөрүүдө кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн экендиги айтылат.
Эсептөөлөргө ылайык, орточо түшүмдүүлүк гектарына 123 центнер болгондо, картошка өндүрүүгө кеткен чыгым бир гектарына болжол менен 160 миң 440 сомду түзөт, ал эми бир килограммдын өздүк наркы 13,04 сомго барабар. Килограммын 16 сомдон сатканда, эсептелген таза пайда бир гектардан 36 миң 360 сомду түзөт. Баанын туруктуулук кору бир килограммына болгону 2,96 сом деп бааланууда.
Долбоордун авторлору түшүм жыйноо жана сатуу маалында импортту убактылуу чектөө суроо-талап менен сунушту теңдеп, жергиликтүү продукцияны сатууга шарт түзөт деп эсептешет. Ошол эле учурда таңкыстыкка жана баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн товардык запастарды, сатуу көлөмүн жана бааларды туруктуу көзөмөлдөп туруу сунушталууда.
Рынокто кырдаал турукташкан же таңкыстык коркунучу пайда болгон учурда чектөөнү мөөнөтүнөн мурда алып салуу маселеси өзүнчө каралышы мүмкүн.
Токтом күчүнө киргенден кийин Экономика министрлиги үч күндүн ичинде тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине кабар бериши керек.
Токтом кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Анара Мамытова