Кыргызстан Орусиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты

Кыргызстан Орусиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарына жумушчу сапарынын алкагында (Швейцария Конфедерациясы) Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Регионалдык форумунун жабылышында Орусиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты.  Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Ал коомиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегациясын комиссиянын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишинин тарыхый мандатын сактап калууга чакырды.

«Төрага катары мен Сиздерди Европа экономикалык комиссиясынын өзгөчө ролун жана мандатын сактап калууга жана коргоого чакыргым келет. Бардык трагедиялуу жагдайларга, тараптардын позицияларынын кагылышына жана эмоциялардын күчөшүнө карабастан, биз БУУ ЕЭКти диалог аянтчасы жана кызматташтык көпүрөсү катары сактап калышыбыз керек. Акыркы 75 жыл ичиндеги чыңалуу мезгилдеринде биздин өлкөлөр уюмдун өзгөчө мандатын жогору баалап келген. Комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн биринин катышуусун чектөө баарыбызды чектейт», — деди Эдиль Байсалов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>