Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Футбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөт
02.10.2026 | 17:56

4-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Ливандын улуттук курама командаларынын ортосунда футбол беттеши өтөт. Беттеш саат 20:00дө башталат.
Оюн ФИФАнын эл аралык даталары алкагында уюштурулууда. Бул беттеш Кыргызстандын курама командасынын 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык баскычына даярдыгынын бир бөлүгү болуп саналат.
Буга чейин эки өлкөнүн курамалары үч ирет кездешкен: эки оюн тең чыгуу менен аяктап, бир беттеште Ливан жеңишке жеткен.
Билеттер ticketon.kg сайтында сатылууда. Кыргыз футбол биримдиги стадиондо күйөрмандар арасында iPhone ойнотуларын жана атайын программа уюштуруларын маалымдайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт