Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
ФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыялады
01.10.2026 | 11:10

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында гитлерчилер жана алардын жан-жөкөрлөрү тарабынан Советтер Союзунун жарандарын массалык түрдө мыкаачылык менен өлтүргөндүгүн тастыктаган жана Нюрнберг процессинин жүрүшүндө советтик тарап колдонгон архивдик документтерди жарыялады.
Нюрнберг процесси — башкы нацисттик согуш кылмышкерлеринин тобунун үстүнөн жүргүзүлгөн сот. Аны көп учурда «Тарых соту» деп да аташат. Ал 1945-жылдын 20-ноябрынан 1946-жылдын 1-октябрына чейин Эл аралык аскердик трибуналда Нюрнберг шаарында (Германия) өткөн.
Ал кезде трибуналдын алдына нацисттик Германиянын жогорку жетекчилигине кирген 24 айыпталуучу чыгарылган. Алардын ичинен тынчтыкка жана адамзатка каршы эң оор кылмыштарга күнөөлүү деп табылган он экиси асып өлтүрүү жолу менен өлүм жазасына тартылган.
Согуш жылдарында өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан кылдаттык менен чогултулган көптөгөн даректүү материалдар Нюрнберг процессинин жүрүшүндө активдүү колдонулган деп белгиленет ФСБнын маалыматында.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом