Кыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдетет

14.09.2026 | 17:18
Кыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдетет — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык орнотуу операциялары боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа жолугушту. Анда тараптар эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, ошондой эле тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

ИИМдин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү катары ишмердүүлүгүнө байланыштуу коопсуздук жаатында кызматташуу маселеси талкууланган.

Ошондой эле БУУнун тынчтык орнотуу операцияларына катышуу жана тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Мындан тышкары тараптар Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлерин БУУнун миссияларына тартуунун санын көбөйтүүнү жана алардын катышуу географиясын кеңейтүүнү сунушташкан.

Scroll to Top